super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын дээрлик 5 миллион сомго жаңы килем сатып алганы талкууга алынды

 
Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы 9-сентябрда жаңы килем сатып алууга тендер жарыялаган. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, 3377 чарчы метр, кыргыздын улуттук оюулары түшүрүлгөн, кочкул кызыл түстөгү килемдерди алууга жарыя берилген. Ага жалпы 4 миллион 998 149 сом каралганы жазылган. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин жыйындар залы, чоң залдын сахнасына парда алуу үчүн 966 миң сомго тендер жарыяланган. 
Учурда интернеттеги социалдык тармактарга дээрлик 5 миллион сомго жаңы сатылып алынган килемдердин сүрөттөрү жарыяланып, кызуу талкууланып жатат.
Айта кетсек, 8-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жараткандан кийин тендер жокко чыгарылган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: