super.kg logo
  Саясат  

"Учурдагы мандат талашууларга жана БШК менен болгон пикир келишпестиктерге партиялар өздөрү күнөөлүү" дейт серепчи

 
"Учурдагы мандат талашууларга жана БШК менен болгон пикир келишпестиктерге партиялар өздөрү күнөөлүү". Мындай пикирин бүгүн, 21-октябрда тегерек столдун жүрүшүндө серепчи Табылды Акеров билдирди. Анын айтымында, партиялар жетиштүү добуш алган жана партиянын капчыгына ири көлөмдөгү каражат берген талапкерлерге мандат берүүнү убадалашкан. 
"Партиялар 5 миңден ашык добуш ала алган талапкерлерге "тизмедеги ордуна карабай мандат берилет" дешкен. Ошондой эле партиянын капчыгына 200 миң доллар алып келе алган талапкерге да мандат убадалашкан",- дейт Акеров.  
Серепчи партия лидерлери бул жолу да жеке кызыкчылыктарын өйдө коюп койгонун белгиледи. 
"Кээ бир партиялардын лидерлери президенттик башкарууну эңсеп, парламентти мурункудай эле абалга алып келүүнү каалашты. Мындай лидерлер партиясынын кызыкчылыктарын биринчи орунга койбой, өздөрүн ойлошот. Жыйынтыгында бул нерсенин баары биригип, учурдагы мандатка байланыштуу маселелердин жаралышына алып келди",- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: