Президент үч эмди жарыкка алып келген тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Жылдыз Казиевага үй сатып алуу үчүн 1,2 миллион сом бөлдү
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев үч эмди жарыкка алып келген тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген эне Жылдыз Казиевага үй сатып алуу үчүн 1 200 000 сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 21-октябрда билдирди.
Эске салсак, 9-октябрда Чүй облустук төрөт үйүндө 28 жаштагы Жылдыз Казиева үч эм төрөгөн. Ал вице-премьер-министр Д.Ниязалиева менен жолугушуу учурунда жашоо-турмушу жөнүндө айтып, өкмөттөн жардам сураган эле. Жолдошунун туруктуу жумушу жоктугун, батирди ижарага алып турушарын айткан эне Токмок шаарынан үй берүүнү суранган. Ж.Казиеванын үч эмден сырткары дагы 2,5 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
4

