№50-абактан качкан кылмышкерлерге окшош эки адамды кыргыз-казак чек арасынан көрүшүптүр
20-октябрда саат 15:30 чамасында Казакстандын чек арачылары №50-абактан качкан кылмышкерлерге окшош эки белгисиз адамды кыргыз-казак мамлекеттик чек арасына жакын аймактан көрүшкөн. Бул тууралуу КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы жарыялады.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, мындан улам кыргыз чек арачылары укук коргоо түзүмдөрү менен биргеликте Жайыл районунун Степное айылында тинтүүлөрдү уюштурушкан, бирок кылмышкерлер табылган эмес. Учурда күч түзүмдөрү коңшу айылдарда издөөлөрдү жүргүзүшүүдө.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кетишкен. Алардын бешөөсү ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. Ал эми кечээ, 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган. Ошентип, учурда боштондукта жүргөн Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов изделишүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
2

Документи жок жарандарды Казахстанга через дарыя,турбалар аркылуу Дунганда акчага откозуп беришет оздору ат берип ушунуда куч тузумдоруно жеткизип койсонуздар менден жардам болсун!!!Менда Казакстанда документьеримди жоготуп коюп ошол уйгур,дунгандар откозушкон 15000 тенгеге пустой турбалардын ичин сойлоп каналдарды бойлоп кудай буйруп жетип алгам!!
Эмне качып кетсе качып кетсин деген силерге сыйлык береби Тим эле качып кетсин дейсинер да
Биринчисин олтургондо эле боорум оорду эле, тируулой кармаганга кантип эле 1 качкынга топтолуп жургон 10дон ашык милициянын кучу жетпей калсын?!
Уже баарына айдан ачык болуп калды окшойт...
2 качкын качып гана кетсе экен, балким алар бир сырды ачып беришээр деп ойлом
калганыго олду, аларды бир Кудай таразалайт.
Бул кыныр иштин жузу 40 жыл эмес 40 кун откондон кийин ачылат деп ишенем!!!