Эки жаранды кыйноого алып, башка кылмыш ишин моюнуна алдырганы үчүн милиция кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Башкы прокуратура Ысык-Ата РИИБинин жана Токмок ШИИБинин кызматкерине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кыйноо" беренесинин негизинде эки кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу прокуратурадан 21-октябрда билдиришти.
Маалым болгондой, аталган бөлүмдөрдүн эки кызматкери Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылындагы жана Токмок шаарындагы тоноочулук фактыларынын бетин ача албай, башка кылмыштын негизинде кармалган А.И. жана К.Ж. аттуу эки жаранды кыйноого алып, кылмыш ишин моюнуна алдырганы аныкталды.
Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Түшүнүксүз жазылган билдирүүңүз өчүрүлдү.