super.kg logo

Эдил Байсалов: "Түрмөдөн качкандар өлтүрүлбөшү керек, алар адам жана мамлекеттин жараны"

 

Бүгүн, 21-октябрда коомдук ишмер Эдил Байсалов түрмөдөгү кырдаалга байланышкан баш аламандыкты токтотуп, абактан качкандарды өлтүрбөөгө чара көрүүнү өкмөттөн талап кылды. Байсалов абактан качкан кылмышкерлер кандай болгон күндө да өлтүрүлбөшү керектигин, аларды тирүү кармоо зарылдыгын айтууда. 

"МАИ кызматынын катардагы кызматкерлери абактан качкандардын бешөөсүн ошол түнү эле кармап алышты. Алар деле абактан качкандардын баарын автомат менен аткылап салса болот болчу, бирок алар андай кылышкан жок. Артынан кууп жетишип, жерге жаткырып, колдорун байлашты. Аларды тирүү кармашканы менен, эмне үчүн эми биринин артынан бири өлтүрүлүп жатат?

Мейли, алар адам өлтүрүшүп, өмүр бою эркинен ажыратылган болушсун, бирок алар адам, мамлекеттин жараны. Сен жана мендей эле! Ал биздики! Кимдир бирөөнүн атасы, бирөөнүн баласы. Кылмышкер адам өлтүрүшү жана мыйзам бузушу мүмкүн, бирок мамлекеттин мындай кылууга укугу жок. Ал мыйзам менен жашап, өзүнүн ар бир жаранынын, мейли, эң акыркы жараны болсун, алардын укугун терең сыйлаганда гана мамлекет бойдон калат. 

Баш аламандыкты токтотууну талап кылам! Улуу даанышмандар айтышкан: ар бир жаранга карата жасалган өкүмзордук жана адилетсиздик - укук бузуу, шылдыңдоо жана ар бирибиз үчүн коркунуч. Темир тор артында бүгүн он миңдеген жаран отурат, алардын арасынан ар бирибиздин жакындарыбыз, классташтарыбыз, коңшуларыбыз табылат. Алар жаза өтөп жатышат, көпчүлүгү адилеттүү түрдө. Биз түрмөдөгү ар бир жарандын мыйзамдуу укугун коргой албасак, эч качан укуктук мамлекетти кура албайбыз. 

Биздин көчөлөрдө мынчалык заар, зордук-зомбулук кайдан деп таңданабыз. Жообу жөнөкөй. Биз баш аламандыктын торунда жашап жатабыз жана ар бир күнүбүз мыйзамсыздык менен өтүп жатканын, бактылуу кокустуктар болуп жатканын баарыбыз сезебиз. Өлкөдө адилеттүүлүк эч кимге кепилденген эмес!"- дейт Байсалов. 








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(45)
21.10.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
байсалов ты малчи хорош
21.10.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
ali1388, вот именно
21.10.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кылмышкерлерди, зоокур, бандиттерди колдогондор, силер кандай адамдарсынар озу... Алардын баары оор кылмыштарды жасаганы учун камалгандар. Андан сырткары дуйно боюнча Ислам дининдеги адамдардын 90 пайызы карманган Суннит масхабына каршы турган, Шиит масхабын колдогон, Кыргызстанда тыюу салынган, террористтик "Жайшул Махди" уюмунун мучолору болуп жатат. Кыскача айтканда булар жайнамазга эмес, кесеке намаз окушат, ж.б. ушул сыяктуу озгочолуктору бар. Максаттары халифат орнотуу, дуйного оз бийлигин
21.10.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Туура И.И.М дин алсыздыгы.
21.10.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
корот элем сенин тууганынды олтуруп турмодон качып чыкса обу жок катын орсок уй саайт дегендей
21.10.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ali1388, + басам деп - басып алдым адашып. Туура. Сизге кошулам
22.10.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ali1388, чындык керек, тирүү кармаса чындык ачыкка чыгат.
21.10.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
чын булар олтурбой эле жапжакшына 5кылмышкерди кармадыго.
21.10.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
бул алдын ала пландалган иш , Токтайым Умнталиева туура айтып атат.Чара корулсун.Улам биринин артынан бирин олтурушпой.
21.10.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Качкан адамдар чекеден карапайым калкты кырып залака тийгизсе байсалов толоп береби эмне статистика бойюнча почти 60% тюремшики после тюрьмы обратно камалышат алардын психикасы башка болуп калат
21.10.2015. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
gulaza, кылмышкерлерди актабаган ушул калды эле. Турмодон чыккандар, чыгып алып кайра эле ошо жумушун жасашат копчулугу. Турмого жалган жалаа, подстава менен ашып барса 20 жыл кесилишин мумкун, бирок омур бою эмес да. Сот дагы бекеринен кеспейт да, коомго эмне кереги бар анан омур бою кесилгендердин?!
22.10.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aytkulova,абдан туура аитасын ушул укук коргоочу сороилор тажатты го а бул кылмышкерлер олтургондордун укугун ким коргоит.Суйлойт десе эле тантырашат корунгонду аитып.бир туруп гейлерди колдошот эми киши олтургучторго болушуп калышат.американын тынчылары
21.10.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жерде бир саясий иш бар же бир сыр барда ошон учун тындым кылып жатышат.
21.10.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Адамдын омурун адам алууга укугу жок!Ар ким кылган ишине Аллах алдында жооп берет!
21.10.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
атан кору неге ушундайсынар коруп билип тескери суйлойсунор алар нормалный осужденный болсо киши олтуруп качат беле
22.10.2015. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ali1388, өмүр бою соттолгон эмес. Бирөөсүнүн соту бұтө элек.
21.10.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Адам олтурду деп эле олтуро беруу керекпи чекеден? Арасында соту буто электер да бар экен эле. Олтурбой туруп неге ушул жолго барышкандарын суроо керек эле.
21.10.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Baisalov degen sooroi dorui beret eken!!!

Korot elem senin inindi ja agandy

yi bylosyn bagam dep iwtep jurgon

jerinen oltyryp ketiwse sen bulardu

tyryyloi terisin syirymaksyn!!! Kancha bala

jetim kaldy. Alardy oiloboisunbu?!

senin byilike bolgon jeke ych kyptyn bar

je kylmywkerdi karmap alyp bapesteilyby

alardagy tyrmodo bizdin mamleketke tologon

salyktan nan jep atywat uialbai
21.10.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эмнеге кылмышкерлерге боорунар ооруйт..Адам олтурду болду олтуруш керек...эмнеге кылмышкерлерге Жан тартасынар тушунбойм
22.10.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kojojaw, чындык керек, аскага такап эле ата бергенде эл билбей калат чындыкты.
21.10.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кошулам, тчындыгы бар. Алар оз каалосу менен качпаган. Бул да болсо, шайлоо арты оюндары. Элдин конулун шайлоодон буруу учун жазылган, бул ценарий.
Болбосо, ушул убакытка туура келмек беле. Ким билет, булар ак жеринен камалганбы, кок жериненби?!
21.10.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Олум жазасы жок турмодо бакбаш керек деп жатпадынар беле мына эми олум жазасы ишенип шайлаган адамдарынар чекеден олтуруп жатат смлерге озу не жагат.
22.10.2015. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arash96, силерге деп кимдерди айттың?
21.10.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Болушунча дооруптур Байсалов, атын чыкпаса жер ортто болуп, коркунучтуу кылмышкерлерди атып таптакыр кырып салышса туптуура болот ошондо Кыргызстанда кылмыштуулук азайып бейпилдик болот
21.10.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
jigit.paren, туптуура. Турмодон чыккандарды деле коруп журобуз, чыгып алышып кайра конгон иштерин кылышат. Жон эле тоок урдаган кылмышкерлер эмес алар, бир жерден окудум кылмышкерлердин бири тууганын олтуруп, соогун 10 кун ашканасында кармаган экен, анан ошондой адамды кантип "жакшы" дейсин, адам дегенге да оозум барбайт.
21.10.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандайча МЕЙЛИ Е. мейли алар адам олтурушуптур дейтко. Мейли тоок урдасын мейли машина урдасын мал урдасын. но адам омуру баарынан кымбат турат. Анткени бир эле келесин жашоого.
22.10.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbek1990, Бир келген жашоону татыктуу откоруш керек. Экстремист, террорист, адам олтургуч болбой.
21.10.2015. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бунун созун не чыгарат деймда. Азыр тоолтура бул ишти талкуулап жургондор. Толковыйраак бироонун созун чыгарсанар талкуу кылайлы.
22.10.2015. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
omurbek1990, толковыйлар кысып отурат сөз айталбай, бул жок дегенде оюн айта алат экен.
21.10.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай ким билет. Деги кимиси куноолу, кимиси ак. Кимиси журок ооруп олду кимисин эмне олтурушту бир АЛЛАХ коруп турат.
21.10.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ali1388, туура, алар кылмышкер. Жакшы адамдар болсо, турмодогу кайтарган адамдарды олтурбой байлап кетишпейт беле. Адам олтургон кумурска олтургондой болуп калган учун ошондой ишке барышты да. Адам олтургучтордун жанын алгандарга жинин келет да!
21.10.2015. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боорукерлер адамдар эле коп, "олум жазасы киргизилсин" деп койуп, анан эртеси "иий байкуш бул деле адам да, жанылды да, жон эле эркиндикке чыгарып жиберели" дешип чыгышат. Тушунбойсун адамдарга...
21.10.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карапайым калка зыяны тийсе ошол жакта олтуруп деле зыянын тийгизе бермек да ал жака камалса элетынчып калбайт техника илимдин жетишкен учур азыр телефон менен эле бутуро берсе керек биз кылмышкерден эмес орган кызматкерлеринен коркуп калдык тункусун токто десе токтобой койсон атып салуу кеп деле эмес болуп калыптыр азыр албетте ал деле биронун ардактаган атасы алпечтеген баласы
21.10.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
maks94.kb, олгон турмонун кызматкери дагы бироонун ардактаган атасы, суйуктуу жолдошу, алпештеген уулу, жакшы коргон агасы. Телефон менен бутурсо болот дегидей, Кыргызстан анчалык даражага жете элек. Зыяны тийгени ошол да адам олтурушуп. Жон адамды аткан жок спецназдар! Жинди беле алар жон адамды олтуруп.
21.10.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олум жазасы туура. Себеби башкалардын да козу ачылып жакшы жака онолоорбуз?!Бул жон гана (Буйрутма олумдор). Кантип журогунон уч адам жон эле олуп калсын. Ак уй кок уйдун былыктары 100 пайыз!!!
21.10.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Олум жазасы болгондо мындай болбойт беле
21.10.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмнени сепсе ошону орот.
22.10.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээй адамдар сен же мен бул туура же ал туура деп айта албайбыз, ар бир иш далили менен болуш керек качкандарды каралай беришсе эле кара экен деп айта берген туура эмес, аларды тируу кармап чындыкты чыркыратпай ачыкка чыгарыш керек ошондо куноолулор оз жазасын алыш керек. Бул менин жекече оюум.
22.10.2015. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу дагы коомдук ишмердин сөзүбү жаран деп айап койсок кылган иштери өлтүрүүгө жеткирип жатат , бул деген ошол жарандарга мыйзам
22.10.2015. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Мейли, алар адам өлтүрүшүп, өмүр бою эркинен ажыратылган болушсун, бирок алар адам, мамлекеттин жараны. Сен жана мендей эле! Ал биздики!" - Байсалов сен да адам өлтүргүчсүңбү не? Элдин башын эки кылбай башкача тантырачы, жазганыңды дагы бир окуп чыгып! Бир нерсени баштап коюп жаныңды аяп чет жака качып жөнөбөй оокатынды ондуурак кыл!
22.10.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байсалов жакшы айтыптыр,ит аткандай атпай сураш керек,алар да адамдар ошол кылмышкерлерди аткандар жана аттыргандар киши олтургучтордон эмне айырмасы бар.Кобу эле жок кылыш керек деп жазып жатасынар,балким алардын да чындыгы бардыр?Эмнеге соту боло электерди,эч кандай суроосуз эле атып жатышат.
22.10.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саби, Кылмышкерлерди олтургондор эч кандай адам олтургуч эмес. Милиция, укук коргоочу, спецназдардын баары киши олтургучпу анда? Эн кооптуу кесип билсенер, омуру кыл учунда турат да. Канчалаган милиционерлер олуп жатат ушул зоокурлордун айынан?! Суйлойт десе эле суйлой берет экенсинер. Эмнеге соту боло электе качып кетет анан?
22.10.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саби,торт адамды олтуруп качканы азбы,соту боло элек болсо отурбайбы анда?
22.10.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жанынарды кыйнап " - " (минус) баспай эле койгула мага. Кыскасы адамдарга соз жок. Кылмышкерлерди суттон ак кылып жибердинер го. Аман эле болгула.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: