Кыргызстанга алгачкы жолу Австриянын президенти келет
14-15-мартта Кыргызстанга Австриянын президенти Хайнц Фишер жетектеген делегация келет. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул расмий иш сапар кыргыз-австрия мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болууда. Жолугушууда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, парламенттер аралык кызматташуу жана республикага инвестицияларды тартуу маселеси көтөрүлмөкчү. Мындан тышкары, ар түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол коюлуп, 15-мартта кыргыз-австрия бизнес форуму өтөт. Иш сапар алкагында Хайнц Фишер президент Алмазбек Атамбаев, төрага Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

