super.kg logo

Милиция: "Ошто студенттердин массалык мушташы болгон эмес"

 
Кечээ, 21-октябрда Ош шаарында студенттердин массалык мушташы болгон эмес. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда саат 15:00 чамасында Ош шаарынын Курманжан датка жана Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Ош-Маркет" соода жайынын алдында Ош мамлекеттик университетинин Индия мамлекетинен келген 20-30 студенти чогулуп жатканы тууралуу ошол аймакта жашаган жашоочулар кабар беришкен. "Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ал жерге барышып, топтолуп турушкан индиялык 12 жаранды Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып келишкен. Алар ОшМУнун медицина факультетинин студенттери экендиги аныкталган. Алар өз түшүндүрмөсүндө өз ара келишпестиктерден айтыша кетишкендиктерин, эч кандай мушташ болбогондугун, эч ким жаракат албагандыгын айтышкан", - деп билдирет облустук милиция.
"Андан сырткары медицина факультетинин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары Апсамат Саттаров да ал жерде уруш-жаңжал болбогондугун, студенттер өздөрүнүн тилинде катуу сүйлөшкөндүктөн, ошол айланадагы жарандарга урушуп жаткандай сезилиши мүмкүн экендигин билдирген. Бул окуя боюнча ошол жердин жашоочуларын сураганда 25-30дай чет элдин жарандары чогулуп, бири-бири менен кыйкырышып урушуп кетишкенин айтышкан. Ошондой эле алынып келинген жарандар эч кимге эч кандай арыз-дооматтары жок экендигин билдиришти. 
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн маалымат каттоо китепчесине катталды",- деп баса белгилешти милициядан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
22.10.2015. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан эмне болду
Холерика айтты эле го кече жон эле бийлей беришет деп айткандай эле ошондой экен да анда.
22.10.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчасын алгандан кийин актай беришет да менттер.Чет олколуктор болсо акчасын сыгып алышты да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: