super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Сот күмөн жараткан шайлоо участкаларында добуштарды кайрадан санап чыгуу боюнча "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын арызын канааттандырган жок

 
Жогорку Сот бүгүн, 22-октябрда "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынын арызын карап, канааттандырган жок. Райондук соттун чечими күчүндө калды. Аталган партия парламенттик шайлоодон кийин добуштарды электрондук жана кол менен эсептөөдө ири айырма чыгып жатканын айтып, Ош облусундагы бир катар шайлоо участкаларын мисал келтирген. БШК бир катар участкаларда кайрадан саноо жүргүзүлүп, добуштардын саны бирдей чыкканын жарыялады. Партия күмөн жараткан участкалардын баарында добуштарды кайра саноону талап кылып келген.  
Эскерте кетсек, парламенттик шайлоодо 6 партия жеңишке жетишкен. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: