super.kg logo

Президент академик Муса Адышевдин 100 жылдыгы менен куттуктады

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-октябрда белгилүү окумуштуу, геология-минералогия илимдеринин доктору, академик Муса Адышевдин 100 жылдык мааракесине карата куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Быйыл калың кыргыз журтчулугу белгилүү окумуштуу, геология-минералогия илимдеринин доктору, академик Муса Адышевдин 100 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Муса Адышев Кыргыз Республикасында геология илимдеринин башатында туруп, Улуттук илимдер академиясында Тоо тектеринин физика жана механикасы, Сейсмология институттарынын негиздөөчүсү катары тарыхта калды.

Таланттуу илимпоздун эмгектери геологиянын бардык тармактарын камтып, Тянь-Шань тоолорунун түзүлүшүнүн алгачкы моделин түзүүгө жол ачты. Тянь-Шань аймагы сейрек кездешүүчү алтын, уран сыяктуу металлдарга бай экендигин далилдеп, Кыргыз Республикасында тоо кендерин иштетүү тармагынын өнүгүшүнө чыйыр салды.

Муса Адышев илим изилдөө менен катар уюштуруучулуктун жана жетекчиликтин тизгинин кошо ала жүргөн. Жыйырма жылдан ашуун Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Геология институтун, андан соң Кыргыз илимдер академиясын жетектеген. Кыргыз мамлекетинде илимдердин өнүгүшүнө, окумуштууларды, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого зор салым кошуп кетти.

Көрүнүктүү окумуштуу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муса Адышевдин үзүрлүү эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, Октябрь революциясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. “Кыргыз ССР илимдерине эмгек сиңирген ишмер” жогорку наамы, “XX кылымда эң жогорку илимий жетишкендиктери үчүн” алтын медаль ыйгарылган. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Ысымы Алай тоо кыркаларынын бирине, Улуттук илимдер академиясынын Геология институтуна, Ош технологиялык университетине жана Бишкектин көчөлөрүнүн бирине ыйгарылды.

Кыргыз элинин татыктуу уулдарынын бири, айтылуу Алымбек датка менен Курманжан датканын чөбөрөсү, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги Муса Адышев улуттук илимдин башатында турган залкар илимпоздордун бири катары кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.10.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Ош Технологиялык Университети да дал ушул чыгаан геолог Адышевдин ысымын алып журот.
22.10.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош ТУну сагындым 4 жыл болду бутконумо эх биздин эстен кеткис студенттик кундор.
22.10.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(Алай) Гулчодо #1 М.Адышев мектеп гимназиясы бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: