Жогорку Сотто "Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкердин атынан мандаттан баш тартуу тууралуу жасалма арыз боюнча соттук отурум өтүүдө
Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Сотто "Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Исмаилованын атынан мандаттан баш тартуу тууралуу жасалма арыз боюнча соттук отурум өтүүдө.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
А.Исмаилованын жактоочусу соттук отурумдун жүрүшүндө БШКнын өкүлүнөн тизмеден чыгарылган талапкерлердин арыз бергени тууралуу колу коюлган журналды, БШКнын жыйындарынан тартылган видеожазууларды сурады. Ошондой эле А.Исмаилованын колу арызда коюлган кол менен дал келбестигине далил катары соттук экспертизанын жыйынтыгын судьяга көрсөттү. Ал эми БШКнын өкүлү Рашид Бекбасаров тизмеден чыккандардын колу коюлган журнал жүргүзүлбөгөндүгүн айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

