super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйыны болуп өттү

 

Бүгүн, 22-октябрда Ош шаарынын мэриясынын коллегиясынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев, вице-мэрлер, коллегиянын мүчөлөрү жана шаардагы бардык
мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө Кадырбаев мэриянын структурасындагы кадрдык дайындоолор боюнча маалымат берип, жыйындын катышуучуларына тааныштырды. 

Ош шаарынын Дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы болуп Кылычбек Саркарбаев дайындалды. Шаардыктарга спортчу Кылычбек Саркарбаевдин ысымы кеңири таанымал. Кикбокс, ушу-саньда, самбо боюнча спорттун чебери, эрежесиз эр уруш боюнча Азиянын жана Евразиянын  чемпиону, дүйнөлүк жана эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.
Ош шаарынан мындан ары да дүйнөгө аты таанылган спортчулардын чыгышына салымыңызды кошоруңузга ишенебиз.

Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондун директору болуп Алмазбек Сулайманов дайындалды. Сулайманов буга чейин Ош айыл чарба институтунун ректорунун орун басары болуп иштеп келген. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп Эрмек Чоюнов дайындалды.
Эрмек Чоюнов салык системинде көп жылдан бери иштеп келе жатат. Бул жетекчилер шаар үчүн ак ниеттен иштеп беришет деп терең ишенем”,- деди Кадырбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: