super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов: "Жазында митингге ким чыкса да, мен коштоп чыкпайм"

 
Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бийликтен кеткенинен алты ай өткөндөн кийин гана журналисттердин коомчулугуна чыгып, кеңири баарлашты. Эл ичинде "көктөмдө Өмүрбек Бабанов экс-президент Роза Отунбаева менен биригип алып, митингдерге чыгышат экен" деген сөздөр жайылып кеткенине байланыштуу "Республиканын" лидери: "Роза Исаковна менен көрүшө элегиме 3 ай болду. Азимбек Бекназаров, Ахматбек Келдибеков менен да көптөн бери жолугуша элекмин. Оппозицияны жыйнап, аларды каржылаган жерим жок, жазында чыгам дегендерге кошулбайм да, коштобойм да. Бирок эл ичинде "көктөмдө митингдер болот экен" деген кептер учурда күчүндө. Ага экономикадагы абал жана кадрдык маселелер себеп болуп жатса керек. Айтып коюу керек, Кыргызстан үчүнчү революцияны башынан өткөрө турган болсо, анда өлкө катары дүйнөлүк картадан жоголуп, экиге эмес, жетиге бөлүнөт.  

Суроо төркүнүнө келсек, бул кепти президенттин тегерегиндеги адамдар чыгарууда, алар мени Алмазбек Шаршенович менен уруштургусу келет. Бул киши экөөбүздүн ортобуздагы мамиле жаман-жакшы экенине карабастан, эгерде анын иштери туура эмес болуп жатса, “катачылык кетип жатат” деп ачык эле сын-пикиримди айтам",- деп жооп берди.

Маектин толук чыгарылышын "Супер-Инфо" гезитинин ушул аптадагы санынан окуй аласыздар.  


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: