super.kg logo
  Саясат  

"Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкерлер тизмеден чыгуу боюнча арызды августта жазышканы айтылды

 

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Сотто "Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер Аида Исмаилованын атынан мандаттан баш тартуу тууралуу жасалма арыз боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө "Республика-Ата Журт" партиясынын өкүлү тизмеден чыгуу боюнча талапкерлердин арызын БШКга алып баргандыгын айтты. "Арызды талапкерлер өздөрү жазышкан. Партия менен талапкердин ортосунда өз ара келишимге ылайык, талапкерлер тизмеге кирүү үчүн кээ бир жерлерди аныктап алуу керек эле. Келишимде партиянын программасын жеткирүү керектиги каралган",- деди.

Сот: "Өз ара келишим" дегенде жетиштүү добуш топтоону айтып жатасызбы?"- деди. Ошондой эле ал арыз качан жазылгандыгын сурады.

Партиянын өкүлү А.Исмаилова шайлоодо жетиштүү добуш топтой албагандыгын кошумчалап: "Талапкерлер тизмеден чыгуу боюнча арызды партиянын съездине чейин, август айында жазышкан. Ага ылайык, алар шайлоодо жетиштүү добуш албаса тизмеден чыгарылмак",- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: