Бишкектеги Достук кичи районунда абактан качып издөөдө жүргөн Алтынбек Итибаевди кармоо операциясы жүрүүдө

Бишкек шаарынын Достук кичи районунда ок атышуулар угулуп жатканын SUPER.KG порталына аталган аймактын тургуну кабарлады. Анын айтымында, милиция кызматкерлери жергиликтүүлөрдү үйлөрдөн чыгарбай жатышат.
Милициядагы өздүк булагыбыз билдиргендей, Достук кичи районунда абактан качып издөөдө жүргөн Алтынбек Итибаевди кармоо операциясы жүрүүдө. Айрым маалыматтарда бир милиция кызматкери жаракат алганы айтылууда.
Итибаев Алтынбек Абдиметалиевич 1977-жылы Ош шаарында туулган. Улуту - кыргыз, буга чейин соттолгон. Бою 170-175 сантиметр. "Жайшүл-Махди" экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү. 2013-жылы Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту "экс-депутат Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн" деген айыптоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

"Достук" конушундагы атышуу маалы (22.10.2015)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

буларга деле ишенич кыйн болуп калды,атышып атышат деп туруп колго тушуп бербей жок кылынды деп коюшат,же байкуш булардын колуна тушкучокту олойун дегенби(