Достук конушунда качкын кылмышкерди кармоо операциясы бүтүп, окуя болгон жерде эксперттер иш алып барышууда
Достук конушунда качкын кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо операциясы бүттү. Атышуу учурунда А.Итибаев өлтүрүлдү. Кылмышкер жашынып турган үйдө жашагандар эвакуацияланып, окуя болгон жерде эксперттер иш алып барышууда.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, Достук конушунда укук коргоо органдары кылмышкерди издеп, ар бир үйдү текшерип жатышкан. А.Итибаев жашынып турган батирди текшерүүгө келишкенде ал ок чыгара баштаган. Атышууда жарылган гранатадан ИИМдин кызматкери жана кылмышкер жашаган үйдүн эки жашоочусу каза болушту. Жаракат алган милиция кызматкерин жана башка жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы алып кетти.
Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.
Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.
Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
1

Озун жатып алып куло бер, олкобузго, кызматкерлерибизге куйбосон
Жана Өлтүрүлдү,жанында эки шериги бар экен деп жазылганда эле. Террористтер эки кызды барымтага алды,алардын кыйкырып,ыйлаганы угулуп атат деп жазылган эле. Азыр карасам,тема оңдолуп калыптыр...
Че то түшүнбөй калдым...
Алтынбек ак жеринен соттолуп кеткен жеп жакындары чыркырап адилеттуулук издеп журушту. эми минтип террорист атка конду. Аягы олтуруп жок кылышты. Убалы кимге болоор экен? ..
Токтайым айым эми эмне деп ырдап чыгат экен. Мен барсам баарын аман алып калат элем деп ырдайт точно.