Медер Итибаев: "Эгер мени милиция кызматкерлери коё беришкенде, Алтынбекти өзүм атыштырбай алып чыкмакмын"

"Эгер мени милиция кызматкерлери коё беришкенде, иним Алтынбекти өзүм атыштырбай алып чыкмакмын",- деп SUPER.KG порталына өлтүрүлгөн Алтынбек Итибаевдин бир тууганы Медер Итибаев билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Алтынбек Итибаевдин жана атайын багыттагы жоокерлердин ортосундагы атышуу учурунда ал шаардык милиция бөлүмүнө камалган болчу. "Эгер мени коё беришсе, бир тууганымды өзүм алып чыкмакмын. Булар ойлогон максаттарына жетишти. Балким, мен барганда, Алтынбекти атыштырбай тирүү алып чыгып бермекмин",- деди Медер Итибаев.
Айта кетсек, 22-октябрда Бишкектеги Достук кичи районунда түрмөдөн качып изделип жаткан Алтынбек Итибаев өлтүрүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Накта "КЫЛМЫШКЕР"биздин мамлекет болуп жатат!
Бир же бир нече бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Лайликан Меденим,Алтынбегим деп канатууга кактырбай,тумшуктуга чокутпай кандай болуп бакты эле эсиз,эсиз...
Медербек апанды эми этиет кылып бул бактысыз акыбалдан алып чыгып кет...
Шорун каткан Лайли,карыган кезинде азапта калдын го досум...
Жылан болсо да балам,канжыгама байлап кой демекчи,кылмиышкер да болсо баласы.Курбум кайрат кыл...