super.kg logo

Достук конушундагы атышууда каза болгон жарандар Нарын облусунун тургундары болушкан (нерви жукаларга көрүү сунушталбайт)

 
№50-абактан качып чыгып издөөдө жүргөн кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо учурундагы атышууда эки адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, атышууда октон 1936-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган Батыш Койчуманова менен 1959-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган Медет Какеев каза болгон. Алар кылмышкер жашынып турган жердеги үйдүн 3-кабатында жашап келишкен. Операция бүткөн соң текшерүү учурунда кошуна батирден алардын жансыз денеси табылган. 

22-октябрда милицияга Достук конушундагы үйлөрдүн биринде Алтынбек Итибаевдин жашынып турганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция ошол аймактагы үйлөрдү текшерүүгө алган. А.Итибаев жашынып турган батирди текшерүүгө келишкенде ал ок чыгара баштаган. Дээрлик үч саатка созулган атышууда жогорудагы эки тургундан сырткары ИИМдин кызматкери каза болду. 

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек СадыбакасовОрозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек ЖумалиевТаалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды.






Алтынбек Итибаевди жок кылуу операциясы (Нерви жукаларга болбойт!)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(47)
23.10.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайылап эле жок кылышты да ,
23.10.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
warsaw., Эмне аларга бир сөз айтып жетишип калды дейсиңби?
Штурмга киргенде адашкан октор тийсе керек.
Ким аткан октон улам каза болду экен?
23.10.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rifle, сөз айтпаса да,биринчи аларды чыгарып анан штурмга өтүш керек эле да
23.10.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
warsaw., элдерди чыгарып анан башташкан. А булар чыкпай коюшса керек.
23.10.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AnarRazakovich,Чыкпай койбой эле чыккыла деген дагы эмес. Террорчунун квартирасынын жанында болгон учун аларды чыгара алышпаптыр коркоктор
23.10.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle, маркум болгондор кылмышкерлер тарапта болгондуктан аларды эч талашы жок биздин милициялар атып олтурушту да.
23.10.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aibo_85,Сураныч Коруп билип чын бышыгына жетип туруп жазгылачы. Жанаша турган балконду аткылашып биздин "колу туз" жоокерлер бейкуноо адамдар каза тапты. Каяктагыны суйлобогулочу
23.10.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алдын ала даярдап, жашоочулардын баарын чыгарып анан ок чыгаруу керек болчу! Бейкуноо адамдар кеткен тура, ушунун убалы кимге!(?)
Мусулманда айтылган бир адамды олтуруу бутундой бир мамлекетти талкалаганга барабар деп.
23.10.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AiBoru,алдын ала ким билет эле ушундай болоорун... мен ошол райондо конокто болчумун... капец.ужас...
23.10.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azura, Күч органдары алдын ала билип, зазватка барган. Кооптуу батирди жаап, калгандарын чыгарып алса болмок экен.
Буга чейинки, айт намаздын алдынан болгон атышууда да, жашоочуларга эскертүү бербей штурмга өткөн эле.
23.10.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул канкорлордун айынан канча бейкуноо жарандарыбыз мерт кетти.. Ушинтип буга чейин дагы канча адамдын убалына калгандарын ким билет... Деги олум жазасы качан куч алат, качан ишке ашат...
23.10.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meka93,бул жарандарды милиция олтурдуго,значит неуклюжий ,растяпа
Модератор admin_portal түзөттү 2015-10-23 10:14:55
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: