Ошто эл аралык террордук уюмдун эмиссары кармалды
21-октябрда терроризмге жана диний экстремизмге каршы багытталган ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Ош облусунда УКМКнын органдары тарабынан эл аралык террордук уюмдун эмиссары (бир саясий же мамлекеттик уюм тарабынан жашыруун тапшырма менен жиберилген адам) кармалды. УКМКнын маалымат кызматы кармалган жаран 1967-жылы туулган И.У. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны экенин билдирди.
Ал жарандарды азгырып жана бандиттик түзүлмө тарапка катышуу үчүн чет өлкөгө жөнөткөн. Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесине (жалданмачылык) ылайык кылмыш иши козголду. Учурда ал камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Жылдыз байке, эми ким эмне десе ишенип кетеберген туура эмесго.
Бул нерселер мага саясий оюн катары корунуп жатат. Себеби ачык эле болуп калды, диндешип бараткан олкобузду, кайра манкурт, жеп ичерлер олкосу бойдон калтыргысы келип жатат.
Бирок адам олтуруп, ок чыгарып, коркутуп камасада, диндар болуп жаткан элибиз артка кайтпайт деп ойлойм...