Кылмышкерди кармоо операциясында каза тапкан ИИМдин кызматкери акыркы сапарга узатылууда



Кечээ, 22-октябрда Бишкектин Достук кичи районунда кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоодогу атышууда каза тапкан ИИМдин кызматкери Төлөбек Исмаиловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Коштошуу зыйнатына премьер-министр Темир Сариев, ички иштер министри Мелис Турганбаев катышып жатат.
Милициянын капитаны Исмаилов Төлөбек Эсенбекович 1978-жылы Нарын облусунда туулган. Ал ички иштер органдарында 14 жылдан ашык кызмат кылып, 2006-жылы Эрдик медалын алган. ИИМдин жана УКМКнын сыйлыктарын жана башка 34 сыйлык алган. Кылмышкерлерди кармоо боюнча бир нече операцияга катышкан. Акыркы учурда тоолуу аймактагы жана альпинисттик даярдык боюнча ага инспектор-инструктор болуп иштеп жаткан. Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
-1

Кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торко болсун, аллах бейиштин торунон орун берсин.
Онугуп эле калган олкодо жашап атасынар,башынарды иштетип логично ойлонбойсунарбы э! Кылмышкерлердин качканына Ак уйдун кандай тиешеси бар,олтургулору келсе элге дун кылбай эле олтуруп коюшмак!