super.kg logo
  Саясат  

Токтайым Үмөталиева "Түрмөдөн качуу" окуясы боюнча: "ЖАМК менен ИИМдин жетекчилери токтоосуз отставкага кетиши керек"

 

"Түрмөдөн качкан кылмышкерлерди кармоо операциясына байланыштуу Ички иштер министрлиги менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги токтоосуз отставкага кетиши керек". Муну бүгүн, 23-октябрда укук коргоочу Токтайым Үмөталиева SUPER.KG порталына билдирди.
Укук коргоочу кылмышкерлерди түрмөдөн качыруу, аларды колго түшүрүүдө жок кылуу планы алдын ала даярдалганын айтууда. 

"Кылмышкерлерди кармагысы келишсе, эмне үчүн бир туугандарын, чыркырап ыйлаган балдарын ортого салышпайт? Колго түшпөй жаткан кылмышкер өз баласын же бир тууганын атып салмак беле? Алар аркылуу кармап алууга болот эле. Бул жерде план башкача. Качкан адамдарды жок кылуу менен башка бандиттердин изин жашыруу аракети жүрүүдө. Буларды түрмөдөн атайын качырышып, өлтүрүп жок кылуу планы болгон. 
Сөзсүз өлтүрүлүшү керек болгон кылмышкерлер: Итибаев, Мусуралиев жана башкалар жок кылынды. Калгандарын калп эле "качырбай кармап алдык" деп көрсөтүп коюшту. Бул иштин мародёрчулук кылмышы менен байланышы бар деп эсептейм",- дейт Үмөталиева. 
Укук коргоочу Ички иштер министрлиги бул иште негизги аткаруучу экенин айтат.
"Кечээ Итибаевди кармоодо атышуу болгонуна ишенбейм. Коңшулары эмнеге өлтүрүлөт? Жок жерден бирөөлөр каза табышты, буга ким жооп берет?! Ички иштер министрлиги менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчилиги токтоосуз отставкага кетиши керек. Президент өзү көзөмөлгө алып, бул иш боюнча Башкы прокуратура, адвокаттар биргеликте дыкат иликтөө жүргүзүү керек",- дейт укук коргоочу. 
 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: