super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев 8 март - аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 7-мартта президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү айымдарды 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. 

“Ардактуу айымдар! Дүйнөдө сиздер: апаларыбыз, эжелерибиз, карындаштарыбыз, кыздарыбыз, неберелерибиз бар болгон үчүн биздин жашообуз өзгөчө мааниге ээ. 

Аялзат  - үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту. Өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат.

Аялзаты Каныкейдин акылмандыгын, Жаңыл мырзанын каармандыгын, Курманжан датканын кайраттуулугун  боюна сиңирген. Тарыхыбыздын эң татаал учурларында сиздердин ишенимиңер, үмүтүңөр күчүбүзгө күч кошуп, элибизди  жаркын келечек үчүн күрөшүүгө шыктандырып келген. Жаратканыбыздын колдоосу жана аялзатыбыздын акылмандыгы, мээрими, жаратман эмгеги, жоопкерчилиги Кыргызстаныбызды көптөгөн сыноолордон сактап калды" -  деп башталган куттуктоодо аялдарга арналган жылуу пикир айтылат. Өлкө башчы айымдарга бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо каалап, Кыргызстанды өнүкккөн өлкөгө айлантуу башкы максат экенин айтат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: