super.kg logo

Жалал-Абадда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленди

 

Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында бүгүн, 23-октябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин күнү белгиленди. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанат таланттуу муниципалдык кызматкерлердин концерттик программасы менен башталды. Шаардын социалдык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн муниципалдык кызматкерлерге шаар бийлиги тарабынан дипломдор тапшырылды. 

Шаардын вице-мэри Тайирбек Чойбеков"Бүгүнкү күндөгү шаардагы аткарылып жаткан
иш-аракеттер, курулуштар сиздердин аракетиңиздер менен, сиздердин эмгегиңиздер менен ишке ашып жатат. Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бактылуулук каалайм. Шаар үчүн, шаардын келечеги үчүн аракеттерди жасап, эмгектене беришиңиздерге тилектешмин",
- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: