super.kg logo

Казакстанда СИЗОдо отурган 14 кыргызды Кыргыз Республикасынын абагына которуу талап кылынды

 

Казакстандын Алматы шаарындагы СИЗОдо бир жарым жылдан бери кармалып жаткан 14 кыргыз жаранынын аялдары 23-октябрда SUPER.KG'ге кайрылышып, алар күйөөлөрүн тезинен Кыргыз Республикасынын абактарына өткөрүүнү өкмөттөн талап кылышты. 

Абакта отургандардын биринин аялы Азиза Токтобаеванын айтымында, алар 3 берене (аткезчилик менен жүк ташуу, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча айыпталып камакта отурушат.

Менин күйөөм жалданып товар ташычу. Ал мындан бир жарым жыл мурда башка айдоочулар сыяктуу эле унаасына тиричилик товарларын салдырып, кыргыз-казак чек арасындагы "Чалдыбар" өткөрмө жайына чейин жеткирмек. Ал жерге жеткенде белгисиз адамдар кыйноо жолу менен аларды Казакстандын чек арасы аркылуу өткөргөн экен. Ошол жерден коңшу өлкөнүн милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Күйөөлөрүбүз Таразда бир жыл камакта болушуп, акыркы жарым жылда Алматы шаарындагы СИЗОго которулушту. Казактардын Аскердик соту аларды 8 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Биз апелляцияга берип, жыйынтыгы 3 айдан кийин чыкты, бирок кайра эле ошондой чечим”,- деди Токтобаева. 

Абакта отургандардын аялдары тергөө адилетсиз жүргүзүлгөнүн айтышууда.

Мейли, аларды "чек арадан мыйзамсыз өттү" дешсин, бирок аларды "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү" деп жатышат. Ал 14 айдоочу жадакалса бири-бирин таанышчу эмес. Анан да алар башка бирөөнүн товарын ташып жүрүшкөн. Ошондуктан бүгүн чыгып өз талабыбызды коюп жатабыз. Өкмөт аларды бул жактагы абактарга которуп берсин”,- дешти алар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
23.10.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
кала беришсинчи ошол жакта
23.10.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга алдыртып эмне кыласынар озубуздукулор, батышпай жатса.
23.10.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
nazi0807, Бир нерсени жазаарда абайлап чын тогунун билип жазып журсонорчу,билип билбей жылуу жерде отуруп алып жаза бербей. Бул адамдар жыргаганынан казак турмосундо 1,5жылдан бери жыргаганынан отурушкан жок,алар да кара курсак бала бакыра багуу учун казахстанга товар откоруп кармалып отурушат. Башка мамлекетталбетте башынан сыламак беле ар кандай статяларды мойундарына илет да ак адамды кара кылып. Аларды чыгарып алуу учун уйбулосу ит корбогон кунду коруп келишет.
23.10.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Комент жазгандарга тан каламын.Кырсык ар бир адамдын башында бар. Кудай сактасын эртен силер да ушул кунго туш болбойт деп эч кандай кепилдик жок.Так маалыматынар жок туруп кала берсин дегенинерге жол болсун.
23.10.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Которушсун биякка, ХХХ отургуча лучше озунун жеринде отурсун.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-23 16:32:46
23.10.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Rashinboy, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
23.10.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коё беришсе оздору эптеп качып келип алышат эле.
23.10.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
коменти окуп мен да тан калам бизде ушунчалык карангылар коппу.
23.10.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар адамга кандай кун туш келеерин бир гана кудай билет,ошондуктан баланын ойу сыяктуу ойго келген создорду жазууну токтотсонорчу. Кыргыз жарандары азыркы кезде кандай гана кундорду кечирип келе жатышат,ошол кыйынчылык болобу турмодо отурабы ал да кара курсак учун аркандай жолго кабылып жатышат да. Казахстанга товар откоруу жеткируу ото эле кыйынчылыктарды жараткан жумуш,ошого карабастан азырак тыйын алуу учун кайыл болуп барып кармалышат. Жакындары 1,5жылдан бери чыгара алышпай кыйналып келишет
23.10.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эмне кылат которуп ошол жакта отура берсин окмот алардын талабын аткарбоо керек
23.10.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коммент жазганда ойлонуп жазсанар. Эмне болгонун билип-билбей эле, жылуу уйдо отуруп алып оозунарга келгенин суйлой бербей.
23.10.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mahabbat, ойлонуп эле жаздык билгенибизди,анан да уй жылуу эмес суук болуп жатат от жага элекбиз.
25.10.2015. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери 40жылда келсе,азыр 40 кунго жетпей эле келип калган...жазаарда ойлонуп жазгылачы бир аз! Кыргыздар жыргаганынан талаалап жургон жок! Бийликтегилер бири-бири менен кресло талашып,карапайым калкты эч ким ойлобогонунан уй-булосун багам деп ар жерде журушот... Кыргызстанга откоруп алышсын,эмнеси болсо да оз жеринде болгону жакшы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: