super.kg logo

Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда эки жарандын жана жоокердин өлүмү боюнча прокуратура кылмыш ишин козгоду

 

Бишкектин прокуратурасы түрмөдөн качкан Алтынбек Итибаевди кармоо боюнча атайын операциянын жүрүшүндө эки жарандын өлүмү боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары шаардык прокуратура операциянын учурунда милиция кызматкери Төлөбек Исмаиловду өлтүрүү боюнча "укук коргоо түзүмүнүн же аскер кызматкерин өлтүрүү" беренесинин негизинде дагы бир кылмыш ишин козгоду. Кылмыш иштерин иликтөө прокуратуранын жана Бишкек ШИИББинин мекемелер аралык тергөө тобуна тапшырылды.

Айта кетсек, кечээ, 22-октябрда №50-абактан качкан Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү үч кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуудан улам ИИМдин атайын багыттагы жоокери Төлөбек Исмаилов каза тапкан.

Операциянын жыйынтыгында Алтынбек Итибаев жок кылынган. Мындан тышкары коңшу батирде болгон эки жаран: 1936-жылы туулган Батыш Койчуманова жана 1959-жылы туулган Медет Какеев октон улам көз жумушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
23.10.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уфф,ошондо кимге козгоду?Олгон Алтынбеккеби же М.Турганбаевге?Жоопкерчиликти алганына караганда Турганбаевкегоо (тамаша)...)))
23.10.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrchy_jigit, алгач ким колду болуп олгонун издешет анан ошого кылмыш ишин козгошот.
23.10.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жашабагыр кылмышкер озун олбой 3 адамды кошо алып кеттинби ?
23.10.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турганбаев жооп бериши керек.
бир чон сырдын ачылып каларынан
коркуп баарын олтуруп атат
Тукенин да куну келет коробуз
23.10.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алардын кантип кандай себептен олгондугун аныкташ керек да эми куноолуну тапмак беле кокустуктан деп гана ишти жаап койушат же олгон Алтынбеке оодарып койушат
23.10.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кыпкыргыз форумдагы божомолчулар жанды кашайтты. Кызматтагы бейкуноо адамдарды олтуруп качкан кылмышкерлерди кармады ИИМкызматкерлер,анан ошолорго кылмыш козголмок беле? Кармабай качырып журо берсд анда да чыкмаксынар,мына биздин бийлик лох деп.тфу
23.10.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza88, ошода. Кечээтен бери "ии байкуш" деп террорист менен кошо террорист болуп алышты. Ушул жердегилер. Нака типтеркен
23.10.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
realliver, тип деп бийликтегилерди айт. Бул жерде
ошолордун оюну ойнолуп жатат.
23.10.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Deniza88,Олтуруп жок кылбай тируу кармаш керек болчу, эмнеге тушунбойсун?
23.10.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
э неге козгоду эми мелисти тергейби эми
23.10.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстана эмне эле коп кино чыга баштады десе биздин аткаминерлер баары актер режисерлор экенда
23.10.2015. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми ошол прокуратура журналистти сабап, камерасын тартып алган опер кызматкерлерине да кылмыш ишин козгошсун. турмодо олгон 3кылмышкерлер деле жон олгон жок, алардын олумуно да козгосун. бир иш козгодук деп жалжайып кыйратып койгонсуп курсакты сылап отуруп калбай.
24.10.2015. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
малчалык да кадыр баркы жок болду го.Малды да бата берип соет.А бу операция "Ы"нын каармандарын ит аткандай атып салды
25.10.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол эки жараан эмне себептен олду милиция аткан октонбу же Итибаев аткан октонбу же граната жарылгандабы? Толугу менен жазссанар сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: