super.kg logo

Талас. Төө буурчак уурдоо боюнча шектүү кармалып, сурак берүүдө

 
8-ноябрда Кара-Буура районунун Чымкент айылынын тургуну Бексултан Кушубаковдун кампасынан 17 кап "Лопатка" сортундагы төө буурчагы белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Ушул эле күнү Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Асылкан Умарбекованын үйүнөн жарым кап "Лопатка" сортундагы төө буурчакка кошо 1 булгаары күрмө, велосипед уурдалган. Бул 2 уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, издөө амалдары жүрүүдө. Ал эми 2012-жылдын 16-октябрында Кара-Буура районунун Шекер айылынын тургуну Темир Малайбековдун короосунан 40 килограмм төө буурчак жоголгону жарыяланган эле. Бул иш боюнча мурда соттолбогон Шекер айылынын тургуну, 1983-жылы туулган М.Р. кармалып, сурак берүүдө.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: