super.kg logo

Аманбай Кайыпов Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун кемчиликтерин жоюу үчүн курулуш компаниясына 3 күн убакыт берди

 

Бүгүн, 23-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун кемчиликтерин жоюу үчүн курулуш компаниясына 3 күн убакыт берди. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Маалым болгондой, Кайыпов «Копри Синогидро» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 272-365-чакырымында жасалып жаткан реабилитациялык иштер менен таанышты.

Кайыпов аткарылып жаткан иштер сапатсыз жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлбөй жаткандыгын баса белгиледи. «Жыл башынан бери эл аралык консультанттар менен бирге бир нече ирет жолдун жасалышын карап чыкканбыз. Аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сиздерге бир катар көрсөтмөлөр берилген. Жолдун сапатсыздыгы сокур адамга деле билинип жатат. Андан тышкары айдоочулардын коопсуздугун алдын алууда оңдолуп жаткан аймактарда атайын жол белгилери, жол жээктерине парапеттер коюлушу керек эле, эмдигиче жок»,- деди облус башчы.

Кайыпов кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча аткаруучу тарапка 3 күн убакыт берип, аткарылбаган учурда премьер-министрге билдирүү жасап, аталган фирманын ишмердүүлүгүн токтотуу маселесин коё турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
23.10.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы, жёстко караш керек сапатын. 20.10.15 куну ошол жолдон авария болуп келишти. Эртен бироосуно операция пландалып жатат.
23.10.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жер Долон го ээ
жакшылап жазабаса кар жааса машыналар муз тээп кетишет го
24.10.2015. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылап жасагыла, жазаганга жараша, жасай албасан башка фирмага откоруп бергиле да.. Бизге да сапаттуу жол керек, жолдо жургондо сарысанаага батпай....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: