super.kg logo

Жылнаама, 26-октябрь: Мындан 62 жыл мурун депутат Хажимурат Коркмазов туулган

 

* Мындан 62 жыл мурун, 1953-жылы депутат Хажимурат Коркмазов Чүй облусунун Аламүдүн районунда туулган. Жогорку билимдүү. 1985-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин юрист-укук таануучу адистиги боюнча бүтүргөн. 
1995-2000-жылдары - Кыргыз Республикасынын I чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болгон.
1998-2000-жылдары Мыйзам чыгаруу жыйынынын Соттук-укуктук реформа боюнча комитетин жетектеген. 
2000-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын II чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты; 
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты; 2006-2007-жылдары - Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетин жетектеген;
2007-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын IV чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты; 
2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; 2009-2010-жылдары Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук маселелери жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; 
2011-жылдын сентябрь айында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп келген.

* Мындан 68 жыл мурун, 1947-жылы америкалык саясатчы, АКШнын 67-мамлекеттик катчысы, АКШнын 42-президенти Билл Клинтондун жубайы, АКШнын 44-биринчи айымы Хиллари Клинтон Чикагодо туулган. 1969-жылы бакалавр дипломун алган соң Йель университетинин юридикалык факультетине тапшырган. 1973-жылы укук боюнча доктор наамына ээ болгон. Болочок күйөөсү Билл Клинтон менен студенттик күндөрүнүн биринде таанышып, 1975-жылы үйлөнүшкөн. Балдарды коргоо фондунда жана юридикалык фирмаларда иштеп баштаган. АКШнын эң бай адамдарынын катарына кирет.
1998-жылы Билл Клинтондун Моника Левинскиге байланыштуу окуясынан кийин аз жерден импичмент жарыяланып кете жаздаган. Ошондой оор мезгилде Хиллари айым күйөөсү менен ажырашам дебестен, аны колдогон. 1980-жылы Челси аттуу кыздуу болгон.

* Мындан 6 жыл мурун, 2009-жылы Москвадан Минскке учуп бараткан ВАЕ-125-800 учагы кырсыкка кабылып, 5 киши каза болгон. 

26-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.10.2015. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коррупционер Коркмазовдон башканы жазса болбойбу,же бизге улгулуу кишиби?
26.10.2015. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bolotbai3, Коррупциянын жылдызы болуп белгилүү болуп жатат да.
26.10.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торолгондон баштап депутат окшойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: