Бишкекте Курманжан датка көчөсүндөгү жарыктандыруучу түйүндөр оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү
Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Курманжан датка көчөсүнүн Жибек-Жолу кең көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки тилкесинде жарыктандыруучу тышкы электр түйүндөрү капиталдык оңдоодон өткөрүлгөндүгүн билдирди. Аталган көчөгө 39 светодиоддук лампалар, 16 түзүм орнотулду, электр өткөрүүчү линиялар тартылып, тышкы жарыктандыруу иштери жасалды. Мындай электр лампаларына электр энергиясы мурункуга салыштырмалуу 2 эсе аз жумшалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.