super.kg logo

Бишкекте Шаар күнүнө карата "Экобаштык-2015" фестивалы өтүүдө

 
Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте Шаар күнүнө карата Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде «Экобаштык-2015» фестивалы өтүүдө. Төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан бул иш-чаранын максаты жаштарды тазалык маданиятына үйрөтүү болуп саналат. Фестивалдын жүрүшүндө шаарыбыздын жогорку окуу жайларында билим алган студенттердин колунан жаралган плакаттардын, экобаштыктардын көргөзмөсү уюштурулган. Муну менен катар экология темасына байланышкан сүрөттөрдү тартуу жана көп жолу колдонууга мүмкүн болгон баштыктарды тигүү боюнча мастер-класстар өтүүдө. Фестивалдын жыйынтыгы менен "Эң мыкты экобаштык", "Эң мыкты экологиялык долбоор", "Эң мыкты экоплакат" жана башка номинациялар боюнча сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат.
Уюштуруучу «Таалим» коомдук фондунун өкүлү Алмагүл Осмонова шаардын дүкөндөрүндө бүгүнкү күнгө чейин целлофан баштыктары колдонулуп келгенин айтып: «Алардын ордуна жарандарыбыз экологиялык таза материалдардан тигилген, көп жолу колдонууга жарактуу баштыктарды пайдаланышса жакшы болмок»,- деди.
 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: