Баткен окуясында курман болгондор эскерилди (фото)











Бүгүн, 24-октябрда Коргоо министрлигинин жанындагы «Аскердик кайратмандык» монументинин алдында Бишкек аскер горнизонунун өздүк курамынын катышуусу менен 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоп, аскердик милдеттерин өтөп жатып курман болгондордун урматына митинг-реквием болду.
Курман болгондордун жеңишин түбөлүккө калтыруу, тарыхый мурасты сактоо, аскердик-патриоттук тарбиянын алгылыктуу салттарын өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин буйругу менен 26-октябрь - 1999-2000-жылдары Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү күнү деп жарыяланган.
Иш-чарага Башкы штабдын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, Бишкек аскер горнизонунун өздүк курамы, жоокер-баткенчилер, курман болгондордун ата-эне, жакын туугандары катышты. Коргоо министрлиги бул согушта 45 азаматынан айрылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
6

Комментарийлер(2)
Altyn198

24.10.2015. 20:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизди дагы эстей турган адамдар бар экен ээ
nura.177

25.10.2015. 02:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Altyn198, туура айтасын,бей ажал жаш жоокерлер отуп кетишкен. Менин да болом бар эле ошолордун арасында,аябай жакшы бала эле,атаганат бийликтин шалаакылыгы.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.