Борбор калаада СССРдин Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун 80 жылдыгына арналган скульптуралар көргөзмөсү өтүүдө (фото)
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде СССРдин Эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыковдун 80 жылдыгына арналган скульптуралар көргөзмөсү өтүүдө. Ага скульптордун СССР маалында жезден, жыгачтан жана башка материалдардан жасаган 26 эмгеги коюлду.
Садыков өзүнүн эмгектеринде портрет жанрына көп басым жасаган. Мындан улам анын коллекциясында чыгаан илим жана маданият ишмерлеринин, ошондой эле ар кайсы кесипти аркалаган адамдардын образдары мыкты чагылдырылган. Чебердин эмгектери анын өзгөчө чыгармачылыгын, формалардын пластикасын аткаруусун жана терең ой жүгүртүүсүн көрсөтүп турат.
Көргөзмө 7-ноябрга чейин созулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















