super.kg logo

Жалал-Абад шаарында Баткен коогалаңынын 15 жылдыгы белгиленди

 

Жалал-Абад шаарынын "Жеңиш" эс алуу багында бүгүн, 24-октябрда Баткен коогалаңынын 15 жылдыгына карата иш-чара өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, Жалал-Абад облусунан Баткен согушуна катышкандар жана согушта каза болгон жоокерлердин жакындары катышышты. 

Баткен коогалаңынын жоокерлерине тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлду. Өлкө боюнча Баткен коогалаңына 5848 жоокер катышкан болсо, анын 1200ү Жалал-Абад облусунан. Облус боюнча 17 бала согуштан кайтпай калган.
Иш-чаранын экинчи бөлүгү Т.Тыныбеков атындагы филармонияда уланды. Анда согуштан кайтпай калгандардын жакындарына, согуштун катышуучуларына шаар бийлиги тарабынан акча каражаты, шаардык аскер комиссариаты тарабынан грамоталар тапшырылды. Ошондой эле Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Канат Бакалов согуштун катышуучуларына жана буга чейин Баткен коогалаңын эскерүүгө, эстеликтерин тургузууга көмөктөшкөндөргө төш белги такты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.10.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы каап мен Москвадамында канча деген жаш эр замат жигитерибиз бул дүйнө менен кош айтышты ошол баатыр деген наам берсе болот эле ревалюция кылгандар баатыр деген наам бербестен
26.10.2015. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекен жүгүн артып алып мойнуна, чек араны коргоп өлгөн, баатырларча курман болгон Баткен коогасынын баатырларын эч качан эстен чыгарбоо керек. Эр жигит мекенин коргоп баатыр болгон. Өлкөсүн сүйгөндөрдүн эсиндесиң баатырлар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: