super.kg logo
  Спорт  

"Абдыш-Ата" - "Наше пиво" - 4:2. Футбол боюнча Өлкө Кубогунда оюн алдындагы салтанат жана сыйлык тапшыруу аземи (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 24-октябрда Өлкө Кубогунун финалында "Абдыш-Ата" клубу "Наше пивону" 4:2 эсебинде утуп алды. 90 мүнөт оюн маалында катталган окуяларды сүрөт жана тиешелүү маалыматтар менен назарыңыздарга койгонбуз. Бул жолу калыстын оюнга старт берген ышкырыгына чейинки окуяларга жана оюнду жыйынтыктаган ышкырыгынан кийинки окуяларга токтолобуз.

 

Чынында, бүгүн Кант шаарында футболдук майрам болууда. Бул күнү аталган шаардан чыккан 2 футболдук клуб: "Абдыш-Ата" менен "Наше пиво" өлкө кубогу үчүн оюн өткөрүштү. Ошол себептүү "Центральный" стадионуна чогулган Канттын тургундарынын көбү кайсы бир командага жан тартуу үчүн эмес, кызыктуу оюн көрүү үчүн келген, себеби кубоктун Кант шаарында калып жатканы алар үчүн жетиштүү жыйынтык.

Бирок бул спорт жана жобого ылайык, кайсы бир команда жеңишке жетишүүгө тийиш болчу. Финалга жетип, анан кубокту жөн гана колдон чыгарууга эки команда тең макул болмок эмес, анткени алар финалга жетүү үчүн өлкөдөгү алдынкы командаларды утушкан. Өлкөнүн Биринчи Лигасында ойногон "Наше пиво" сенсация жаратып, Жогорку Лигада ойнобой туруп өлкө финалына чыккан тарыхтагы алгачкы команда болду. "Абдыш-Ата" болсо финалга өз тарыхында 5-ирет чыгып жатат.  

Эки команданын чейрек финалдан финалга чейинки атаандаштарына жана анда катталган эсептерге назар салыңыз.  

ЧЕЙРЕК ФИНАЛ: 

"Наше пиво" - "Алга" - 0:0

"Алга-2" - "Абдыш-Ата" - 0:4 

ЖАРЫМ ФИНАЛ (өз стадионунда жана конокто системи боюнча экиден оюн болгон): 

Биринчи оюндар

"Дордой" - "Наше пиво" - 2:2

"Абдыш-Ата" - "Алай" - 0:0

Экинчи оюндар

"Наше пиво" - "Дордой" - 0:0

"Алай" - "Абдыш-Ата" - 0:4

ФИНАЛ:

"Абдыш-Ата" - "Наше пиво" - 4:2

(Оюн тууралуу, голдордун авторлору тууралуу маалымат бул жерде).

 

Оюн алдында "Центральный" стадионунда музыка жаңырып турду. Эл "эми качан Канттын эки клубу бир мелдештин финалында ойнойт..." дегенби, айтор, бул оюнга агылып келди. Беттеш башталганга чейин элге бий тартууланды. 50гө чукул жаш бийчилер футболчулар ойной турган майданга чыгып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Андан соң футболчулар майданга чыгып, оюн башталды. 

Бул беттештин башка беттештерден 2 айырмасын байкоого болот.

Биринчи айырма: Чогулган элдин көбү канттыктар жана алар майданда ойноп жаткан футболчулардын дээрлик баарын билишет.

Экинчи айырма: Гол киргенде маңдай жарыла сүйүнгөндөр аз болду. Бул клубдардын бир шаардан болгону менен байланыштуу.

Оюнга берилген 90 мүнөт артта калды. Күтүлгөндөй эле оюнга чейин жакшы маанайда келген 2 команданын бири утулду жана баштагы маанайды жоготушту. Сыйлык тапшырылчу жай даяр болгонго чейин эки команданын өкүлдөрү өз ара сүйлөшкөнгө жетишти.

Кошумча маалымат үчүн айта кетсек, "Наше пиво" ушул эле "Абдыш-Атанын" экинчи командасы (дубль). Чемпиондукту эмес, жаш таланттарды тарбиялоону алдынкы планга койгон "Абдыш-Атанын" жетекчилери да бул оюнга тиешелүү деңгээлде көңүл буруптур. Клубдун өкүлдөрү сыйлоо аземинин алдында командаларга акчалай сыйлык беришти.

Ошондой эле клубдарды куттуктап шаардык кеңештин башчысы да келди. Буларга КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү кошулуп, алгач утулгандарга күмүш медаль тагылды.  

Анан уткандар алтын медалдарын алышты. Сүрөттө: Бахтияр Дүйшөбеков жана Евгений Малинин.  

 Коргоочу Манас Карипов профессионалдык карьерасындагы алгачкы алтын медалын алып жатат.  

Экинчи голдун автору Алерива Олувасен медаль тагынууда. 

"Абдыш-Атанын" жарым коргоочусу Фархат Мусабеков. 

Жеңиш ээлеринин моюндарына медаль тагылган соң алар тизилип, кубокту күтүп калышты. КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов өлкө кубогун ээлерине тапшырды. 

"Абдыш-Атанын" учурдагы машыктыруучусу Мирлан Эшенов клуб менен алгачкы ирет кубокко ээ болду. Буга чейин ал ири мелдештерде командасы менен байгелүү орундарды ээлеп келгени менен, бир да жолу кубокту ута элек болчу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
24.10.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фархат азаматсың Австралияга гол киргизгениңди күтөбүз, алга кыргызстан
25.10.2015. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кубок дерский го
25.10.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч Ким жок оздору менен оздору байкуштар
25.10.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Англия фут. чемп. 1888-89 жылдары 12 команда болгон экен 1888-жылы Карл!
25.10.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А бизде азыр 6 эле команда
25.10.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
биринчи ылай баткак стадионду ондош керек Д.Омурзаков атындагы уят болдук эми 4 жылга тыюу салып койдуго футбол отбосун деп дуйнолук футбол федерациясы!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: