Абдырахман Маматалиев: “Экстремизм улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда”
Экстремизм өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жана коомдун нормалдуу өнүгүшүнө олуттуу коркунуч жаратууда. Муну вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев 24-октябрда өкмөттөгү жыйында билдирди.
“Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50-абагындагы акыркы окуялар экстремизм активдешкенин көрсөттү. Экстремисттик ишмердүүлүк интернет айдыңында системдүү мүнөзгө ээ болуп, өзүнүн ишин жарнамалап жана пропагандалап жатат. Муну менен күрөшүү жеке маселелерди чечүү боюнча кыска кампаниялар жана күнөөлүү адамдарды жоопко тартуу менен гана чектелбеши керек. Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын комплексин жайылтуу зарыл”,- деди Маматалиев.
Тийиштүү органдардын жетекчилерине бул жаатта коюлган пландардын аткарылышы боюнча отчёт бербей, реалдуу көйгөйдү аныктоо ишине катышуу тапшырмасы берилди.


