ИИМдин кызматкерлери кылмышкерди кармоодо каза болгон Төлөбек Исмаиловдун жакындарына бир күндүк маянасын которушат
Ички иштер министрлиги Достук кичи районунда кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда каза болгон ИИМдин атайын багыттагы жоокери Төлөбек Исмаиловдун жакындарына жалпы кызматкерлердин бир күндүк маянасын чегерет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, 22-октябрда №50-абактан качкан Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү 3 кабаттуу үйдөн кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп, каршылык көрсөткөн. Ок атышуудан улам Төлөбек Исмаилов каза тапкан.
Операциянын жыйынтыгында Алтынбек Итибаев жок кылынган. Мындан тышкары коңшу батирде болгон эки жаран: 1936-жылы туулган Батыш Койчуманова жана 1959-жылы туулган Медет Какеев октон улам көз жумушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(2)
zhykyo

26.10.2015. 12:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура чечим
chalkan

26.10.2015. 12:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң туура кылышкан, эсеп чот ачкыла мен дагы котором.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.