super.kg logo
  Спорт  

Ош шаарында "Алай" футболдук клубунун оюнчулары шаар мэринин катышуусунда чемпиондукту майрамдашты

 

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын алкагында Ош шаарынын “Алай” футболдук клубу 25-октябрда нарындык “Ала-Тоо” клубун утуп, өлкө чемпиону аталды. Чечүүчү беттеште 3:2 эсебинде жеңишке жетишкен команданы шаар мэри куттуктады.

Мэриядан кабарлашкандай, Айтмамат Кадырбаев оюнчуларды жеңиши менен куттуктап, жаңы жетишкендиктерди каалады. “Алай” командасы мөөнөтүнөн мурда өлкө чемпиондугун утту. Оюн аябай кызыктуу өттү. Ар кандай кыйынчылыктарга карабай эң мыкты, татыктуу оюн көрсөттүңүздөр. “Алай” футболдук командасы - жалпыбыздын сүйүктүү командабыз, ошондуктан бул жеңиш шаардыктар үчүн чоң белек жана сүйүнүч. Биз ар дайым команданы колдоп келебиз жана ар тараптан колдоого даярбыз”,- деди А.Кадырбаев.

Кошумчалай кетсек, "Алай" футболдук клубу Ош шаардык мэриясына карайт. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.10.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aytmamat aka murutun alyp ozgorup ketken go))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: