super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте СССРдин Эл артисти, комузчу Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган жолугушуу кечеси өттү (фото)

 

Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси, профессор, комузчу-аткаруучу Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган «Комуз өнөрүнүн жароокер бийик периси» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана жолугушуу кечеси өттү. Көргөзмөнүн ачылышына кеченин ээси Самара Токтакунова, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, маданияттын жана искусствонун кызматкерлери, студенттер катышышты.

Айта кетсек, Самара Токтакунованын репертуарында Токтогул, Мураталы, Ниязалы, Атай, Ыбырай, Карамолдонун жана башка комузчулардын ондогон күүлөрү бар. Анын күүлөрүнүн көпчүлүгүн К.Орозовдун күүлөрү түзөт.

Токтакунова КМШ өлкөлөрүндө, АКШда, Канадада, Мексикада, Германияда, Испанияда, Австрияда, Бельгияда, Түркияда, Монголияда, Японияда, Кытайда, Норвегияда жана башка өлкөлөрдө концерт коюп Кыргыз Республикасын тааныткан.

Ал Гаванадагы XI Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалынын, Алматыдагы Эл аралык фестивалдын лауреаты. Ага Манас ордени, Даңк медалы, Вьетнамдын Достук ордени, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык уюмунун Алтын медалы берилген. "Руханият", М.Ауэзов атындагы сыйлыктарга татыган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: