Ошто Баткен окуясында курман болгондор эскерилип, алардын жакындарына эстелик медалдары тапшырылды (фото)













Ош шаарындагы Токтогул атындагы сейил багында 24-октябрь күнү Баткен окуясынын 15 жылдыгына карата Баткен окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Ош мэриясынан билдиришкендей, алгач курман болгондорго 1 мүнөттүк аза күтүлүп, андан соң алар үчүн тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлду. Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Замирбек Аскаров, Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн жетекчилери, ардагерлер жана курман болгондордун үй-бүлөлөрү катышты.
Жыйынтыгында ардагерлерге жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө эстелик медалдар жана Ардак баракчалар тапшырылды.
Учурда Ош шаарында Баткен окуясына катышкан 300 ардагер жашайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.