super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсү менен Япониянын ортосунда 9 документке кол коюлду

 

Бүгүн, 26-октябрда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ иш сапары менен кыргыз өлкөсүнө келди. Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы 9 документке кол коюлду.

Анын ичинде Япония менен Кыргыз Республикасынын тилектештиги жана өнөктөштүгү боюнча бирдиктүү билдирүү, эки өлкөнүн өкмөттөрү аралык эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу боюнча нота алмашуу, кыргыз өкмөтү менен Эл аралык кызматташтык боюнча Япониядагы агенттиктин ортосунда эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртууга гранттык макулдашуу, кыргыз жана япон мамлекеттеринин өкмөттөрү аралык "Манас" аэропортунун жабдууларын жакшыртуу боюнча нота алмашуу, чакан жана орто ишкердик үчүн Япония өкмөтү тарабынан товар берүү, эки өлкө ортосундагы кылмыштуу кирешелерди жана террорчулукту каржылоону жоюу боюнча биргелешип иштешүү, "Айыл банк" жана КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "IHI Star" корпорациясынын ортосундагы меморандум бар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: