super.kg logo
  Спорт  

Жаңы конуштардан келген өспүрүмдөрдүн футболдук мелдешинде №43-мектептин кыздары жеңүүчү аталышты (фоторепортаж)

 

24-октябрда Футбол федерациясына караштуу Футбол борборунда жаңы конуштардагы мектеп окуучуларынын арасында футболдук мелдеш болду. Анда 8 жаңы конуштан келген кыздар жана балдар арасында жеңүүчүлөр аныкталды.

Уюштуруучулар SUPER.KG порталына кабарлашкандай, “Күн сайын бактылуу болуу” деген аталыштагы мелдешке 8 мектептин (№8, 21, 43, 46, 57, 81, 86, 87) кыздар жана балдар командалары катышты. Ошондой эле Балдарды коргоо борборунан жана өнөктөштөрдүн балдарынан куралган командалар да өз күчтөрүн сынашты.

Бул күнү кыздардын оюну балдардын оюнуна салыштырмалуу элдин көңүлүн көбүрөөк өзүнө бурду. Кызыктуу оюндардын жыйынтыгында кыздар арасында №43-мектептин кыздары кубокко ээ болушту. 2-орунду №8-мектептин окуучулары алышса, 3-орун №87-мектептин энчисине жазылды.

Балдар арасында 1-орунду №57-мектептин окуучулары жеңип алышты. Кийинки 2 байгелүү орунду №87-мектептин жана №8-мектептин окуучулары багындырышты.

Кошумчалай кетсек, мелдешке 13 жаштан 16 жашка чейинки курактагы балдар жана кыздар катышты. Саамалык коомдогу көйгөйлөргө элдин көңүлүн буруу, балдарды түрдүү кордуктардан сактоого чакыруу максатында уюштурулду. Уюштуруу иштерин Балдарды коргоо борбору даниялык уюм менен биргеликте аткарган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.10.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Biroosuno bir nerse bolso birin4i jardam korsot4uu medikter menen u4askovoylor korunboyt go
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: