Бишкекте "Тез жардам" кызматынын дарыгерлерин токмоктогон" деп айыпталып Талас облусунун тургуну кармалды
Бишкекте дарыгерлерди ур-токмокко алуу боюнча "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы жарыялады. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Талас облусунун Т.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга отургузулду. "Кармалган жаран дарыгерлер келгенде өзүн милиционер деп тааныштырган, бирок анын укук коргоо органдарына эч кандай тиешеси жок", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ур-токмокко алынышкан. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
1. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
2. "Айта кетсек, 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери ур-токмокко алынышкан." деген сүйлөмдөгү "ур-токмокко алынышкан" деген сөздөрдө гиперссылка бар. Ал сөздөрдү басып, баштапкы кабарга өтө аласыз.