Айыл чарба техникасын жаңыртуу жана модернизациялоого Япония 2016-жылы 1,5 миллион доллар бөлөт
Бүгүн, 26-октябрда президент Алмазбек Атамбаев жана Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин катышуусунда мамлекеттик "Айыл банк" менен "IHI Star Machinery Corporation" ири япондук машина куруучу корпорациясынын ортосунда меморандумга кол коюлду.
Меморандумдун максаты - кыргыз өлкөсүндөгү колдонулуп жаткан айыл чарба техникасын жаңыртуу жана модернизациялоо тармагында кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөө.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасын япон техникасы жана жабдыктары менен жабдуу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн керектүү инвестициялык ресурстарды тартуу пландаштырылган. 2016-жылы "Айыл банкка" гранттык негизде 1,5 миллион доллар бөлүнөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:11
2026-02-25
14:54
2026-02-25
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















