super.kg logo

Жаштар конференциясында Кадамжайдагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштар айтылды

 

Борбор калаадагы окуу жайлардын биринде 25-октябрь күнү “Жаркын келечекке жаңы кадам” аталышындагы конференция болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. Иш-чарага Жазуучулар союзунун жана Журналисттер бирикмесинин өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары, коомдук ишмерлер жана студенттер катышышты. 

Конференциянын жүрүшүндө Кадамжай районунан баш калаага келип билим алып жаткан студенттер аймактагы көйгөйлөргө токтолуп, аларды чечүү жолдорун атап өтүштү. Конференцияда жолдорду оңдоо, айыл чарба тармагын өнүктүрүү, райондо туризмди өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо, келечек үчүн жаштарга туура багыт берүү, диний сабатсыздыкты жоюу жана диний экстремизмдин алдын алуу боюнча маселелер талкууланып, студенттер тарабынан көйгөйдү чечүү жолдору сунушталды. 
Иш-чара “Кадамжай жаштары” фонду тарабынан уюштурулду.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.10.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы создор айтылыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: