super.kg logo

Жылнаама, 27-октябрь: Мындан 33 жыл мурун ырчы Клара Алибекова туулган

 

* Мындан 33 жыл мурун, 1982-жылы ырчы Клара Алибекова Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаарчасында төрөлгөн. 5-классында “Кыргызымдын жигиттери” аттуу ырды аткарып чыгып белгилүү болгон. Андан кийин “Классташым”, “Энекем”, “Сүйүү керемети” деген ырларды аткарган.

 

* Мындан 287 жыл мурун, 1728-жылы англиялык деңиз саякатчы Жеймс Кук туулуп, 1779-жылы 14-февралда 50 жашында каза болгон.
Ал Жер шарын айланып чыккан 3 экспедицияга жетекчилик кылган. Тынч океандагы 11 архипелагды жана 27 аралды ачкан. Кук уюл жакта материк же ири кургактык бар экенин божомолдогон, бирок аны издөөнү токтотууга аргасыз болгон. Үчүнчү экспедициясында (1776-1779) Гавайи аралына жетип, Американын түндүк-батыш жээгин изилдеген. Кук Гавайи аралындагы жергиликтүү калк менен болгон кагылышта курман болгон.
Жаңы Зеландиянын Түштүк аралындагы тоо, Тынч океандагы аралдар тобу (Кук архипелагы), Жаңы Зеландиядагы Түштүк жана Түндүк аралын бөлүп турган кысык, Алясканын жээгиндеги булуң Куктун ысымынан аталган.

* Мындан 37 жыл мурун, 1978-жылы англиялык скрипкачы, композитор Ванесса Мэй Сингапурда туулган. Толук аты-жөнү – Ванесса Мэй Ванакорн Николсон. Ванесса 9 жашында жеке концертин берип, миңдеген көрүүчүлөргө талантын тартуулаган болсо, 12 жашында дүйнө кыдырып гастролго чыга баштаган. Ал 1996-жылы "BRIT Awards" сыйлыгынын "Мыкты аткаруучу" наамына татыган. Бул чоң сыйлыкка ал скрипкада ойногондордун алгачкысы болуп ээ болгон.

* Мындан 32 жыл мурун, 1983-жылы түрк актёру Кыванч Татлытуг Түркиянын Адана шаарында туулган. Ал Стамбулдагы Маданият университетинин коммуникация жана дизайн бөлүмүн аяктаган. 18 жашка чыкканда Кыванч моделдик бизнеске аралашып, бир жылдан кийин ал "Түркиядагы мыкты модель" ("Best Model of Turkey"), "Дүйнөлүк мыкты модель" ("Best Model of The World") деген наамдарды багындырууга жетишкен. Бул жылдары Франция, Италиянын подиумдарынын көркүн ачууга да үлгүргөн. Канчалык чоң ийгиликти жаратканы менен, Кыванч моделдик кесиптин "өмүрү" кыска экенин түшүнүп, олуттуу адистик тандоого өтөт. Ошентип, актёрдук кесипке ыктап, өзүн кино жаатында да сынап көрүүнү чечкен.
24 жашында тартылган "Кара деңиздеги америкалыктар" комедиясы ага кино дүйнөсүнө чоң эшик ачкан. Ага байма-бай сериалга тартылууга сунуштар түшүп, "Кузей-Гүней" ("Түндүк-Түштүк"), "Гүмүш" ("Күмүш"), "Тушалган махабат" сериалдарына тартылып, элдин сүймөнчүгүнө айланган. 
Кыванч Татлытуг 2009-жылы "Алтын көпөлөк" сыйлыгынын "Мыкты актёр" наамын алган. Ошол эле жылы "Hurriyet" аттуу түрк гезитинин сурамжылоосу боюнча "Түркиядагы эң сексуалдуу мырза" деп табылган.

 

27-октябрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
26.10.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Клара эртенки туулган кунун менен!
26.10.2015. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убакыт тез эле отот тура кичинекей кыз эле . Чон эле аял болупсун дааа.
26.10.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клара эртенки туулган кунун кут болсун!Бекем ден-соолук,аялдык бакыт,суйуу,иштерине ийгилик!Жаны,жакшы ырларын мн куйормандарын кутот.
27.10.2015. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара туулган кунунуз менен! Биринчиден ден соолун, уй-булолук бакыт, суйуктуу жар, бактылуу эне болушунузду каалайм.
27.10.2015. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кларанын жылмаюуусу ото эле жасалма.
27.10.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара экообуздун туулган кунубуз экен да. ТУУЛГАН КУНУН МЕНЕН!!! БАКТЫЛУУ БОЛ!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: