super.kg logo

Түркияда жол кырсыгына кабылган Арслан Куловдун абалы оор болууда

 

24-октябрда Түркиянын Анадолу аймагынан Анталия шаарына бара жаткан автобус Кумлужа-Кемер унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, 12 адам жаракат алган. Алардын бешөөсү Кыргыз Республикасынын жарандары. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 26-октябрда алардын бири Арслан Куловдун абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы консулдук кызматы Арсландын ата-энеси учурда Анталия шаарына келгенин ТИМге кабарлаган.

Ал эми аны менен бирге ооруканага түшкөн Бекбол Бактыбек уулунун сол колунун манжасы сынып, бетинен жаракат алган. Анын колуна гипс коюлуп, ооруканадан чыгарылды. Калган үч жаран: Дастан Бектенов, Бекзат Тилек уулу жана Нурбек Сүйүналиев кырсык болгон жерден “Тез жардам” кызматынан медициналык жардам алып, үйлөрүнө кайтышкан.

Алар Анадолу аймагындагы мейманканалардын биринин кызматкерлери болушкан. 26-октябрда алардын эмгек келишими аягына чыкмак экен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
27.10.2015. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын боодо кырсыктан
27.10.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуп кетсин.Мекенибизден сырт жакта жургон жалпы эле мекендештерибиз боодо кырсык, кылмыштан алыс болушса экен.
27.10.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпаасын берсин, аман-эсен айыгып кетсин. Калган жигиттерге айтаарым туркчо айтканда gecmis olsun.
27.10.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ии кудай сактасын менин классташымда бар турбайбы арасында
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: