Ошто 2 наристесин бейтааныш адамга таштап кеткен айым Орусиядан келе элек, анын аты Алтынай эмес, Роза экени белгилүү болду



3 жана 4 жашар балдарын Ош шаарындагы бейтааныш адамга таштап, Орусияга кетип калган айым келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда SUPER.KG порталына коомдук ишмер Куттубек Абдуллаев билдирди.
Анын айтымында, айым Санкт-Петербург шаарындагы жумушунан эмгек акысын алары менен Ошко кайтып келерин убадалады. "Айымдын аты Алтынай эмес, Роза экени аныкталды. Бейтааныш адамга балдарын калтырып жатканда өзүн Алтынай деп тааныштырган экен. Ал эми документтеринин көчүрмөлөрүн бизге жөнөткөндө чыныгы аты-жөнү белгилүү болду",- деди Абдуллаев.
Эскерте кетсек, 4 жашар Рамазан жана 3 жашар Каныкей учурда Ош шаарындагы Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылган. Алардын апасынын Ошто жашаган туугандары табылганы маалым болгон. Буга чейин айым 25-октябрдан 1-ноябрга чейин келерин айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
4

Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.