Эстакадалык көпүрө курулуп бүттү, бүгүн сыноодон өтөт



Ош шаарында эстакадалык көпүрө курулуп бүттү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей бүгүн, 27-октябрда саат 17:00дө көпүрө сыноодон өтөт. Сыноо иш-чарасы учурунда оор жүк ташуучу унаалар көпүрө үстүнө токтотулуп, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев көпүрөнүн астына түшүп турат. "Шаар мэри журналисттер менен жолугушууда көпүрө сапаттуу курулгандыгына кепилдик берип, аны далилдөө максатында өзү көпүрөнүн астына түшүп турарын айтты",- деди мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү.
Ал эми 28-октябрда көпүрөнүн расмий ачылышы болот, ага президент Алмазбек Атамбаев катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
3

А азыр болсо кичине эле копуро болгон
Эмнеси болсо да шугур.
Туура айтасыз Шаардын тургундары аябай эле кыйналды болуш керек бир жака барсан айланып кыдырып анан жетчу жерине кечигип жетесин.Эми бираз болсо да кесип отобуз буйруса баары жакшы болот .Жакшы ниет кылып туралы.
Мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.