Бишкекте "Арсенал" аталышында рейд жүргүзүлүп жатат
26-октябрдан 30-октябрга чейин Бишкекте "Арсенал" аталышындагы рейд жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Жол-кайгуул кызматы тарабынан токтотулган автоунаалардан милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган куралдарды жана жарылуучу заттарды издешет. "Иш-чаранын негизги максаты - 2010-жылдагы окуяларда уурдалган куралдарды табуу, курал-жарактардын мыйзамсыз сатылышына бөгөт коюу, жарандык куралды колдонууну көзөмөлдөө",- деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-07
14:27
2025-11-07
12:13
2025-11-07
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Ошол жакта коп куралдар калып кеткен .