Исфанада 10 миңден ашык бөтөлкө контрафакттык алкоголь продукциясы табылды

Баткен облусунда Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору жалпы суммасы 840 850 сом болгон 10 051 бөтөлкө контрафакттык алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, салыктык текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү документтери жок, ар кандай аталыштардагы алкоголдук продукциялар (арак, коньяк, жеңил алкоголдук ичимдиктер жана сыралар) Баткен облусунун Лейлек районундагы Исфана шаарынын аймагында жайгашкан кампа жайларынан табылган. Бул иштин материалдары Баткен облусунун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат башкармалыгына андан ары чара көрүү үчүн өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
bektursun2010

28.10.2015. 16:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми баарын сындырыш керек
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.